Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:27

Иранда кармалган кыргызстандык жаран бошотулду


Ирандын атайын кызматы жана Кыргызстандагы элчилиги менен сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында кеминде эки айдан бери Ирандын Мешхет шаарында камакта жаткан Нурбек Токтогулов бошотулду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматынан билдиришти. Учурда кыргыз жараны Ирандын Горган шаарына кайтып келип, диний институттагы окуусун улантууда. 6-январда Ирандын атайын кызматы Нурбек Токтогуловду камакка алган. Учурунда себебин так түшүндүрүшкөн эмес. Эми атайын кызмат кыргыз жаранына карата айыптоолорго негиз жок экенин гана билдирүүдө. (KKs)

XS
SM
MD
LG