Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:19

МАГАТЭде Ирандын өзөктүк программасы боюнча “олуттуу тынчыздануу” бар


Юкиа Амано.
Юкиа Амано.
Бул тууралуу бүгүн Венада, Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттиктин Директорлор кеңешинин жыйынында уюмдун башчысы Юкиа Амано айтып чыкты:

- Агенттикте Ирандын өзөктүк программасынын ыктымал аскерий өңүтү боюнча мурдагыдай эле олуттуу тынчыздануу бар.

Амано кошумчалагандай, Иран былтыркы жылдын соңунан бери урандын бир айда жогорку деңгээлде байытылган көлөмүн үч эсе көбөйткөн. Байытылган уран өзөктүк бомба жасоодо колдонулуучу зат.

МАГАТЭнин Башкы директорунун айтымында, Тегеран тараптан кызматташтыктын жоктугунан улам агенттик Ирандын өзөктүк ишмердигинин баары тынчтык максатты көздөрү боюнча “ишенимдүү кепилдик” бере албайт. Уюмдун инспекторлор тобу Иранга быйыл январда жана февралда барып келгенден кийин да Тегеран менен “негизги пикир-келишпестиктер” кала берүүдө.

Бирок Аманонун айтымында, МАГАТЭ Ирандын өзөктүк программасына байланышкан маселелердин үстүндө “диалог аркылуу жана конструктивдүү маанайда” иштөөнү улантат.

Ирандын өзөктүк программасы боюнча тынчызданууларды бүгүн Вашингтондогу жолугушуусунда АКШ президенти Барак Обама менен Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху талкуулаганы жатат. (UE)

XS
SM
MD
LG