Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:40

Беларус ЕБ жыйынына делегациясын жибербей койду


Бул көрүнүш Беларус менен Евробиримдиктин өз ара мамилеси чыңалган учурга туш келүүдө. Беларуста саясий оппозицияга каршы репрессиялар уланып жатканына байланыштуу Евробиримдик өткөн аптада ага карата визалык санкцияларын кеңейткен.

“Вышеград төртилиги” деген топко кирген Польша, Венгрия, Словакия, Чехиянын жана Балтика өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери дүйшөмбү күнкү жыйынында Беларуста адам укуктары боюнча кырдаал жакшырбаганына, жарандык коомду репрессиялоо уланып жатканына, демократиялык жана экономикалык реформалардын жоктугуна тынчыздануу билдиришти.

Алар Беларус менен Евробиримдиктин алакасы начарлап кеткенине да тынчызданышып, Беларустун саясатындагы олуттуу өзгөрүүлөр расмий Минск менен саясий диалогдун кайра жандануусуна жол ачарын белгилешти. Беларус бийликтерин саясий айыпкерлердин баарын абактан бошотууга жана актоого чакырышты.

Прагадагы жыйында “Вышеград төртилигинин Чыгыш өнөктөштүгү” деген жаңы демилгенин негизги эрежелери жактырылды. Демилге Евробиримдиктин Чыгыш өнөктөштүгү программасына тартылган Украина, Грузия, Армения, Азербайжан, Молдова, Беларустагы саясий жана экономикалык реформаларды колдоого багытталган. Бул өлкөлөрдүн Беларустан башкалары Прагадагы жыйынга келди. (UE)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG