Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:53

Президент жергиликтүү кеңештерге шайлоо тууралуу мыйзамды кайтарды


Президент Алмазбек Атамбаев жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо тууралуу мыйзам долбоорго каршы пикирин билдирди. Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Данияр Нарымбаев “Азаттыкка” бул тууралуу түшүндүрмө берди. Ага ылайык, президент кайтарган долбоордо талапкерлерди көрсөтүү жана шайлоо жыйынтыгын аныктоо тартибине бир катар өзгөртүүлөр каралган. Мисалы мыйзамда талапкерлерди партиялар гана көрсөтө алат, ал эми жарандык топтор талапкерлерди көрсөтө албайт.

“Ош, Каракол жана Токмок шаардык кеңешке шайлоолор азыркы мыйзамга ылайык уюштурулуп өткөрүлдү. Эми 25-мартта Балыкчыда да шайлоо өтөт. Шайлоо жүрүп жаткан чакта мыйзам аркылуу анын шарттарын жол-жоболорун өзгөртүү мыйзамсыз”, - дейт Нарымбаев.

Жогорку Кеңеш бул мыйзам долбоорду ушул жылы 9-февралда кабыл алган болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG