Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:38

Акмат Бакиев качып кеткени кабарланууда


Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жыл башында жатак абакка чыгарылган бир тууганы Акмат Бакиев качып кетти. Бул маалыматты “Азаттыкка” Жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Александр Никсдорф тастыктады. Анын айтымында, азырынча Акмат Бакиев 3-мартта качып кеткени гана аныкталды. Бирок ал кайсы жерден, кантип качканы оперативдүү иликтөөнүн жыйынтыгында гана белгилүү болот. №35 жатак абагында мөөнөтүн өтөп жаткан Акмат Бакиев ден-соолугу начарлап кетти деген жүйөө менен январь айынын акырында Бишкектеги үчүнчү ооруканага жаткан. Ал ооруканадан жатак абакка кайтып келген-келбегени белгисиз бойдон калууда.

Акмат Бакиевдин качып кеткенин бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты Ширин Айматова “Твиттердеги” баракчасына жазып чыкты. Депутат Жаза аткаруу кызматынын жетекчилиги менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн, бирок жетекчилик Бакиевдин качканын четке кагып жатканын белгилөөдө.

Акмат Бакиев 2010-жылдын май айында тополоң уюштурган, улут аралык араздашууну көкүткөн, курал жаракты мыйзамсыз алып жүргөн, тоногон жана жерлерди мыйзамсыз басып алган деген айыптоолор боюнча Жалал-Абад шаардык соту тарабынан 7 жылга кесилген. (KKs)

XS
SM
MD
LG