Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:58

7-мартта Кыргызстанда жаан-чачын болот


Аба ырайын маалымдоочу борбордон билдиришкендей, 9-мартка чейин жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу автожолдорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн. Кар күрткүсү пайда болуп, муз тоңот. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты так кармоо сунушталат.

Аба ырайы:

Эртең Кыргызстандын аймагында мезгил-мезгили менен жаан-чачын күтүлөт. Тоо этектеринде жана тоолуу аймактарда жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -4…+1 градус суук, күндүз 0…5 градус жылуу; Талас облусунда түнкүсүн 0…-5 градус, күндүз 0…5 градус; Баткенде түнкүсүн 0…-5, күндүз 2…7 градус; Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -4…+1, күндүз 2…7 градус; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…5 градус; Нарын облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз -2…-7 градус; Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -15…-20, күндүз -6…-11 градус; Тоолордо түнкүсүн -20…-25, күндүз -8…-13 градус суук болот.

Бишкек шаарында түнкүсүн дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт. Эртең менен жана күндүз мезгил-мезгили менен жаан-чачын болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2 градус суук, күндүз 3…5 градус жылуу болот. (KKs)

XS
SM
MD
LG