Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:30

Карзай аялдардын укуктарын катуу тескөөнү колдоду


Президент Хамид Карзай ооган аялдарынын укуктары менен эркиндиктерин тыкыр тескөөнү жактаган диний ишмерлерди колдоп чыкты.

Өткөн аптада Ооганстандын Дин башкармалыгы окуу жайларда кыздарды өзүнчө бөлүп окутууну жана аялдар эркектин коштоосуз эч жакка чыкпасын деген шарттарды катуу сактоого чакырган. Президент Карзай болсо өз билдирүүсүндө бул жерде аялдардын укуктарын чектөө жөнүндө эмес, аларды “коргоо” тууралуу сөз болуп жатканын белгиледи.

Укук коргоочулар өкмөт радикалдык маанайдагы талиптер менен тил табышуу үчүн алардын бир катар талаптарына макул болууда деп сындады.

XS
SM
MD
LG