Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:36

ФБР мурунку агенти тууралуу маалыматка 1 млн. доллар берет


АКШнын Федералдык иликтөөлөр бюросу (ФБР) 5 жыл мурун Ирандын Киш аралында жоголгон агенти Роберт Левинсондун кайда экендиги жөнүндө маалымат берген кишиге 1 миллион доллар берет.

Левинсондун үй-бүлөсү буга чейин жоголгон агент аны уурдап кетишкенин айтып, АКШ бийлигинен жардам сураган видеотасманы көрсөткөн. Мындай тасманы Левинсондун үй бүлөсүнө аны уурдагандар жибергендиги айтылган, бирок алар эч кандай талап койгон эмес.

Левинсон Иранга 2007-жылы ФБРден кызматтан бошонгондон кийин өз алдынча детектив болуп келген. Анын туугандарынын айтымында, агент тамеки аткезчилигин иликтеп жүргөн.

XS
SM
MD
LG