Айыл чарба министри Сапарбек Тынаев 6-мартта үрөн чарбалардын өкүлдөрү менен жолугуп, маселелерди талкуулады. Анда ЮСАИДдин сапаттуу үрөн программасына катышуу үчүн 14 чарба тандалып алынганы, ал үчүн 7,4 миллион доллар бөлүнүп жатканы айтылды. Каражаттын 30 пайызы насыя түрүндө 7 жылга берилет.
Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, дыйкандарды сапаттуу үрөн менен камсыз кылуу программасы расмий бүгүн ишке кирет жана ага премьер-министр Өмүрбек Бабанов катышмакчы. (EBM)
Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, дыйкандарды сапаттуу үрөн менен камсыз кылуу программасы расмий бүгүн ишке кирет жана ага премьер-министр Өмүрбек Бабанов катышмакчы. (EBM)