Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:17

Бишкек мэринин уулунун соту уланат


Бүгүн Токмок шаардык соту Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркуловдун уулунун ишин кароону улантат. 29-февралдагы сот процессинде күбөлөр суралган болчу.

Былтыр август айында Ысык-Көл - Бишкек жолунда унаа кырсыгынан үч адам каза тапкан. Кырсыкка Азамат Өмүркулов күнөөлүү экени тергөөдө аныкталган.

24-ноябрда Токмок шаардык соту айыпталуучуга жабыркагандардын доосу жоктугун негиз кылып процессти токтоткон болчу. Бул коомчулукта кызуу талкуу жараткан. Бишкек мэри мындан көп өтпөй атайын билдирүү жасап, уулунун ишин кайра кароону талап кылган. (EBM)

XS
SM
MD
LG