Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:04

Ош облусунда кайрадан жер силкинди


Бүгүн эртең менен саат тогуздар чамасында Ош облусунун аймагында жер титирөө катталып, анын күчү очогунда төрт баллга жетти. Бул тууралуу “Азаттыкка” Сейсмология институтунан кабарлашты. Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Ош шаарынан түштүк-чыгышты карай 130 чакырым, Алайдын Нура айылынан түштүк-батышты көздөй 15 чакырым алыстыкта жайгашкан. Силкинүүнүн күчү Алай районунун Нура жана Эркеч-Там айылдарында 3,5 баллга жетти. Акыркы он күндө аталган эки айылда ушуну менен төртүнчү жолу жер силкинүүдө. Соңку жер титирөө кечээ таңкы саат төрттөр чамасында катталган. (KKs)

XS
SM
MD
LG