Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:56

Кытай оюнчуктарында зыяндуу заттар нормадан беш эсе көп


Чет өлкөлөрдөн, анын ичинде Кытайдан Кыргызстанга келген оюнчуктарда зыяндуу заттардын топтому белгиленген нормадан беш-он эсе жогору. Бул тууралуу “Азаттыкка” Тамак-аш, ветеринария жана фитосанитариялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору, Кыргызстандын мамлекеттик башкы санитардык врачы Төлө Исаков кабарлады. Анын айтымында, бул маселе бир канча жылдан бери көтөрүлгөнүнө карабастан, оюнчуктардын аткезчилигине бөгөт коюлбай келет.

- Мындай оюнчуктар жаш балдар үчүн коркунучтуу. Балдар оюнчуктарды оозуна салышат, натыйжада уулуу заттар баланын ашказанына, андан кийин канына чейин кетиши мүмкүн, - деди Төлө Исаков.

Мындан улам башкы санитар оюнчуктарды Кыргызстанга кире электе чек арадан текшерүү зарыл экенин билдирүүдө. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG