Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:53

Дагестан: Жанкечти аял беш полициячыны ала кетти


Дагестандын Карабудакент кыштагындагы коопсуздук бекетинде 6-мартта кечке жуук жанкечти аял жардырган бомбадан беш полициячы набыт болду. Дагы эки полициячы жараат алды. Орус маалымат булактарынын билдиришинче, полиция азыр жанкечти аял жакында өткөрүлгөн операция кезинде жок кылынган жергиликтүү козголоңчунун зайыбы деген маалыматты иликтөөдө. Исламчылардын “Kavkazcenter.com” сайты жанкечти аялдын чабуулунан 10 полициячы катардан чыкканын кабарлады. Бул кабар ырасмий түрдө тактала элек.

XS
SM
MD
LG