Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:08

ЕККУ Тажисктанды "Фэйсбукту" ачканга үндөдү


Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюму - ЕККУ Тажик өкмөтүн “Фэйсбукту”(Facebook) жана төрт көзкарандысыз Интернет сайтты ачканга чакырды. Тажикстанда “Фэйсбук” жана орус тилдүү Centrasia.ru, tjk.news.com, zvezda.ru жана maxala.org сайттары Мамлекеттик байланыш агенттигинин буйругу менен 3-марттан тарта жабылган. Сайттардын жабылышын ЕККУ “тынчсызданчу көрүнүш” деп сыпаттады. Тажик бийликтери береги сайттарга техникалык себептерден улам кирүү мүмкүн болбой калганын, маселе тез арада жөндөлөрүн билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG