Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:27

Жапаров: Ооганстанга жардам берсек тышкы карыздан кутулабыз


Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун алкагындагы Ооганстанга жардам берүүчү программаларга кошулса, тышкы карыздарынан кутулууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул тууралуу каржы министри Акылбек Жапаров “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, БУУнун алдында ооган элине көмөк көрсөтө турган программа жана фонддор көп. Кыргызстан курулуш материалдарын, айыл-чарба продукцияларын Ооганстанга жөнөтүп, бул фонддор төлөгөн каражаттар аркылуу карыздарынан четинен кутулса болот. Министрдин пикиринде, жергиликтүү товарлардын сыртка чыгышы экономиканын өнүгүшүн да шарттамакчы.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын тышкы карызы 3 миллиард долларга жакындады. (KKS)

XS
SM
MD
LG