Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:11

10-мартта жаан-чачын күтүлөт


Аба ырайын маалымдоочу борбордон билдиришкендей, 12-мартка чейин жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу автожолдорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн. Кар күрткүсү пайда болуп, муз тоңот. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты так кармоо сунушталат.

Аба ырайы:

Эртең Кыргызстандын айрым аймагында жаан-чачын күтүлөт. Тоо этектеринде жана тоолуу аймактарда автожолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, айрым жерлерде 14 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -1…-6 градус суук, күндүз 1…6 градус жылуу;
Талас облусунда түнкүсүн -3…-8 градус, күндүз 1…6 градус;
Баткенде түнкүсүн 0…-5, күндүз 5…10 градус;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -4…+1, күндүз 5…10 градус;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…5 градус;
Нарын облусунда түнкүсүн -11…-16, күндүз 0…-5 градус;
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -23…-28, күндүз -7…-12 градус;
Тоолордо түнкүсүн -23…-28, күндүз -4…-9 градус суук болот.

Бишкек шаарында дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4 градус суук, күндүз 3…5 градус жылуу болот. (KKs)

XS
SM
MD
LG