Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:48

CJP Азербайжанда “Азаттыктын” кабарчысы коркутулушун айыптады


Хадиджа Исмаилова.
Хадиджа Исмаилова.
Хадиджа Исмаилова Азербайжандын жогорку бийлик чөйрөсүндөгү коррупцияны иликтегени, анын ичинде президент Ильхам Алиевдин үй-бүлө мүчөлөрүнүн офшордук аймактарда жашыруун катталган компанияларын таап чыкканы менен белгилүү болгон.

Журналисттерди коргоо боюнча эл аралык комитет “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун азери кызматына да кабарчылык кылган Хадиджа Исмаилова мекенинде коркутууга кабылып жатышын айыптады.

Журналист жакында жеке мүнөздөгү сүрөттү жана коркутуу сөздөрү жазылган кат алган. Исмаилова аны коркутуп жатышканын коомчулукка жарыялап, бийликтер мындай ыкма менен анын оозун жаба албай турганын белгилешти.

Журналисттерди Коргоо комитетинин Европа жана Борбор Азия боюнча координатору Нина Огнянованын айтымында, Хадиджа Исмаилова Азербайжандын “каарман жана абдан урматталган көз карандысыз журналисттеринин бири”. Комитет азери бийликтерин калемгердин коопсуздугун кепилдөөгө жана аны коркуткандарды сот жообуна тартууга чакырды. (UE)

XS
SM
MD
LG