Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:30

АКШ жана Ооганстан түрмөлөр боюнча келишимге кол коюшат


Маалыматтарга караганда, эки тарап АКШнын карамагындагы камак жайларды ооган бийлигинин башкаруусуна өткөрүп берүү боюнча макулдашууга жетишкен. Ооган тышкы иштер министрлигинин айтымында, алар бул маселе боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна бүгүн кол койгон жатышат.

АКШнын башкаруусундагы камак жайлардын оогандардын көзөмөлүнө өткөрүлүп берилиши Вашингтон менен Кабулдун ортосундагы өтө талаштуу маселе. Узак мөөнөткө эсептелген стратегиялык макулдашуу боюнча сүйлөшүүлөр да маалыматтарга караганда, ушул маселеден улам үзгүлтүккө учураган.

АКШ башкарган абактарда отургандар тезинен оогандардын өзүнө өткөрүлүп берилишин президент Хамид Карзай утур-утур айтып келген. АКШ жакында өткөрүп берүүнү алты ай ичинде ишке ашырууну сунуш кылган болчу.

Ооганстанда АКШ башкарган эң башкы түрмө - Парван абак жайы. Кабулдун чет жакасында Баграм аба базасына жакын жайгашкан бул түрмөдө 3000дей адам олтурат. Алардын басымдуу бөлүгү оогандар. (UE)

XS
SM
MD
LG