Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:37

АКШ жана Ооганстан абак жайлар боюнча келишимге кол койду


Ооганстандын коргоо министри Абдул Рахим Вардак жана АКШ генералы Жон Аллен келишимге кол коюу учурунда. Кабул, 9-март, 2012-жыл.

Ооганстандын коргоо министри Абдул Рахим Вардак жана АКШ генералы Жон Аллен келишимге кол коюу учурунда. Кабул, 9-март, 2012-жыл.

Эки тарап бүгүн кол койгон макулдашуу Ооганстан аймагында АКШнын карамагындагы камак жайларды ооган бийлигинин башкаруусуна өткөрүп берүүнү карайт. АКШ менен НАТОнун Ооганстандагы күчтөрүнүн командачысы генерал Жон Аллен документке кол коюу жөрөлгөсү учурунда буларды белгиледи:

- Бул - маанилүү кадам, биздин стратегиялык өнөктөштүк боюнча сүйлөшүүлөрүбүздү алга жылдыруучу кадам. Биздин бул макулдашууга жетише алганыбыз алакабыз канчалык бекем экендигин, милдеттемелер менен өнөктөштүктүгүбүздү гана билгизбестен, АКШ менен Ооганстандын өнөктөштүгү бүгүн жана келечекте кайсыл нукта кетерин да айтууда.

АКШнын башкаруусундагы камак жайлардын оогандардын көзөмөлүнө өткөрүлүп берилиши Вашингтон менен Кабулдун ортосундагы өтө талаштуу маселе. Узак мөөнөткө эсептелген стратегиялык макулдашуу боюнча сүйлөшүүлөр да маалыматтарга караганда, ушул маселеден улам үзгүлтүккө учураган.

АКШ башкарган абактарда отургандар тезинен оогандардын өзүнө өткөрүлүп берилишин президент Хамид Карзай утур-утур айтып келген. АКШ жакында өткөрүп берүүнү алты ай ичинде ишке ашырууну сунуш кылган болчу.

Ооганстанда АКШ башкарган эң башкы түрмө - Парван абак жайы. Кабулдун чет жакасында Баграм аба базасына жакын жайгашкан бул түрмөдө 3000дей адам олтурат. Алардын басымдуу бөлүгү оогандар. Бүгүн кол коюлган өз ара түшүнүшүү меморандумуна ылайык, бул абак жай ооган бийликтерине алты ай ичи баскыч-баскыч менен өткөрүлүп берилет. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG