Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:19

Сириянын эки генералы Түркияга өтө качты


Маалыматтарга караганда, жалпысынан Түркияга Сириянын куралдуу күчтөрүнүн беш өкүлү качып кеткен. Алардын экөөсү генерал, бирөөсү полковник, калгандары сержант чининдегилер. Түрк расмий өкүлдөрүнүн айтымында, аскер адамдары Түркия тарапка оогон сириялыктардын арасында келген.

Бул жаңылыкка чейин президент Башар Асаддын режимин мунай боюнча министрдин орун басары таштай качканы белгилүү болгон эле.

Асаддын режимине каршы Сирияда элдик толкундоо башталган бир жылдан бери Түркияга 12 миңдей сириялык өткөн.

Бул аралыкта Сирия оппозициясынын лидерлеринин бири, Сирия Улуттук кеңешинин төрагасы Бурхан Галиоун президент Башар Асад менен сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүн четке какты.

Мунун алдында БУУнун мурдагы башкатчысы, Улуттар уюму менен Араб лигасынын Сирия боюнча чабарманы өкмөттү жана оппозицияны диалогго үндөгөн болчу.

БУУнун эсебинде, Сирияда элдик толкундоо башталган бир жылдан бери жети жарым миңдей кишинин өмүрү кыйылды. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG