Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:20

Словакияда бүгүн парламентке мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүп жатат


Былтыр жыл этегинде башкаруучу коалиция таркап кеткен. Бүгүнкү шайлоодо Роберт Фицо жетекчилигиндеги “Смер” социал-демократиялык партиясы жеңет го деп болжошууда. Сурамжылоолорго караганда, ал шайлоочулардын 40% добушун алышы мүмкүн.
Парламенттен жалпысынан 8 партия орун алып калышы ажеп эмес. Байкоочулардын баамында, элдин шайлоого келиш-келбешине жакында өкмөттөгү жогорку кызматтардагы адамдардын коррупциялык иштерге аралашканы тууралуу жаңжалдуу окуялар себеп болушу ыктымал. Соңку күндөрү Братиславанын көчөлөрүндө оң миңдеген эл коррупцияга каршы демонстрацияларга чыгып жатты.

XS
SM
MD
LG