Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:10

Апта: шайлоону коштогон нааразылыктар


Шайлоо жыйынтыгына нааразылык билдирген митингден. Токмок, 7-март, 2012.
Шайлоо жыйынтыгына нааразылык билдирген митингден. Токмок, 7-март, 2012.

Мурдагы президенттин жаза өтөп жаткан инисинин качышы, жергиликтүү шайлоонун тыянактары апта ичиндеги башкы окуялардан болду.

Шайлоонун эртеси

Ош шаардык кеңешине шайлоодо оппозициянын колдоосун алган “Улуттар биримдиги” партиясы шаардык кеңешке чектелген 45 мандаттын 21 мандатына ээ болгондугун расмий булактар болжошууда. Мырзакматов өзү болсо анын партиясы 21 эмес, 23 мандатты жеңгенин айтып, саясий оюндар жүрүп жатат деп эскертти. Расмий маалыматтар боюнча, “Улуттар биримдигинен” тышкары КСДП, “Республика”, “Адилеттүү Кыргызстан” жана “Ата Мекен” партиялары да иретине жараша орундарга ээ болушту.

Ош мэри Мелис Мырзакматов добуш берүүдө, 4-март, 2012.
Ош мэри Мелис Мырзакматов добуш берүүдө, 4-март, 2012.

Ушундан улам борбордук бийликке жакпаган, бирок түштүктө табышмактуу жана таасирдүү фигура саналган Мелис Мырзакматовдун мэр болуп кайра шайлануусу аталган партиялардын шаардык кеңештин алкагында кандай тартипте биригээринен көз каранды экени айтыла баштады.

“Демократия жана адам укуктары борборунун” жетекчиси Идрис Кубатбеков:

-“Адилеттүү Кыргызстан” да Ош шаарынан чыккан регионалдык партия, ошону эске алганда бул “Улуттар биримдигине” кошулушу мүмкүн. Ал эми "Ата Мекен", "Республика", КСДП биригип, бир блок түзүшү мүмкүн деген элде пикирлер бар, - деди “Азаттыкка” маегинде.

Ош шаарындагы жергиликтүү шайлоонун алгачкы тыянактарын тааныгандыгын жергиликтүү байкоочулар дүйшөмбү күнү дароо жарыялашты.

Бирок “Таза шайлоо” байкоочулар ассоциациясынын төрайымы Анара Усупбаева бул жолку шайлоо партиялардын саясий маданияты калыптана электигин ачык далилдеп, жоопкерсиздигин көрсөттү деген ойдо:

- Ошто шайлоо участокторунда ар бир партиянын күчтүү-күчтүү, спорт менен машыккан балдары топ-топ болуп даяр туруп атышты. Эгер бир чыр чыгып кетсе, анда жаңжал болуп кетет эле. Азыр партиялык курулуш деген менен, мыйзам үстөмдүгү жок эле мушташ менен чечип калсак кийин кандай болот?

Усупбаеванын болжолунда Ош, Токмок жана Каракол шаарларында өткөн шайлоо жергиликтүү кеңештерге боло турган күзгү шайлоонун көрсөткүчү болгону турат. Байкоочунун маалыматына караганда, Ошто 11 участоктогу мыйзам бузуулар боюнча БШКга протоколдор тапшырылды. Ал эми Токмок жана Каракол шаарларындагы мыйзам бузуулар нааразылык акцияларга, соттошууларга чейин жетти.

Добуштарды кайра саноо, шайлоону жараксыз деп табуу талабы айрыкча Токмок шаарында күч. Усупбаева мындай көрүнүштөр Шайлоо комиссияларынын уюштуруу иштериндеги алешемдиктен да келип чыгып жатат дейт.

БШКнын мурдагы төрагасы Акылбек Сариев мыйзам бузуулар былтыр 9-августта эле башталган деп эсептейт. Анткени Шайлоо кодексинде белгиленген шайлоону токтотуу механизмдери көрсөтүлгөн эмес. Ошого карабастан президенттик шайлоо алдында Ош, Токмок, Каракол шаар кеңештерине жана бир катар жергиликтүү кеңештерге шайлоолор кийинкиге жылып калган. Кыйла талдоочулар учурунда бул чечимди президенттик шайлоо алдында кырдаалды курчутпоо аргасы катары баалашкан болчу.

Акылбек Сариевдин ишениминде, 4-марттагы шайлоодон чыккан чыр-чатактардын бардыгы ошол Шайлоо Кодексиндеги жогорудагыдан башка дагы толгон-токой карама-каршылыктардын туундусу:

-Президентти шайлаган тизме колдонулат, алардын арасынан айрымдарын чыгарып койсо болот деген бар. Бул карама-каршылыктардын чети эле. Партиялар менен кошо эки-үч кишиден турган топту коё берүү да туура эмес. Андай жерде сөзсүз чыр чыгат.Тезинен оңдобосо күзүндө боло турган жергиликтүү кеңештерге шайлоолордо мындан да көп чыр чыгат. Мыйзам ушу бойдон барса бүгүнкү митингдер ошончо айыл-шаарларда кайталанып калышы мүмкүн.

Акмат Бакиев коркконунан качтыбы?

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо ушинтип аягына чыкпай, жергиликтүү деңгээлде нааразы маанай орноп турган кезде мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жаза мөөнөтүн өтөп жаткан биртууганы Акмат Бакиевдин качып кеткендиги тууралуу маалымат тарады.

Акмат Бакиев Тейит айылында, Жалал-Абад. 11-апрель, 2010.
Акмат Бакиев Тейит айылында, Жалал-Абад. 11-апрель, 2010.
Бул окуя көптөгөн жоромолдор менен имиштерге жем таштап, өз колунда жаза өтөп жаткан айыпкерди качырып ийүү мамлекеттин жоопкерчилигине доо кетирет деген пикирлер көбөйдү.Ошондой эле кенже Бакиевди бир туугандары кызылдай акчанын күчү менен чыгарып кетти, Бакиевдерден кек алууну каалаган кылмыштуу топтор уурдап кетишти, оппозиция өлкөдө бейстабилдүүлүк жаратуу үчүн жашырды деген өңдүү жоромолдор тарады.

Айрым маалымат каражаттары мурдагы президенттин инисин 3-мартта өкмөттүн учагы менен чыгарып кетишти деген жоромолду жазышып, анын чын-бышыгын транспорт прокуратурасы териштирүүгө аргасыз болду. Кандай болгон учурда да жазасын жатак абакта өтөп жаткан Акмат Бакиевдин качып кеткенин Жаза өтөө мекемелер башкармалыгы 6-мартта бышыктап, анын негизинде издөө жарыяланды, кылмыш иши козголду.

Саясат талдоочу Марат Казакбаевдин баамында, кенже Бакиев кимдир бирөөлөрдүн жардамысыз качып кете алмак эмес:

- Менимче, бул – коррупциялык фактор. Балким Жаза өтөө мекемелер башкармалыгынын ичинен эле булар акча төлөп кетип калган. Балким ушу Бакиевдин артында чоң акча катылган. Менимче, бийлик ичинен, өкмөттөн же ГСИНдин ичинен жардам берген. Бул – коррупциялык фактор.

Бирок Казакбаев Акмат Бакиевдин качып кетишинин артында чоң интригалар менен коштолгон чоң саясат бар деп ойлобойт:

- Бул аябай чоң киши деп деле айта албайбыз. Ооба, Бакиевдин иниси. Бирок анын баарын сотто айтып берген. Эмне үчүн качып кетти? Менимче, качпасаң өлтүрүп кетебиз деген сыяктуу коркутуулар болду да, коркуп эле качып кетти.

“Мекен шейиттери” коомдук бирикмесинин жетекчиси Осунбек Жамансариев Бакиев кайра камалып каламбы деп чочуган үчүн кетип калды дейт. Анын болжолунда, Бакиев 3-мартта эмес, андан бир нече күн мурда эле качып кетиши мүмкүн, анткени акыркы күндөрү качууга негиз жок болуп калган.

Жогорку Сот январдан бери Чүй облустук прокуратурасынын көпчүлүктүн даттанууларынын негизинде деп, жазаны күчөтүү үчүн ишти кайра кароону сураган арызын карап жаткан. Бирок 28-февралдагы отурумунда мунапысты кепилдеген мурдагы чечимдерди күчүндө калтырып, прокуратуранын кайрылуусун канааттандырган эмес.

Осунбек Жамансариев кимдин болсо да жатак абактардан качып кетүүгө толук шарты бар, ошондуктан Акмат Бакиев кеткиси келсе өкмөттүн учагына же башка камкордугуна муктаж деле эмес болчу деп кошумчалады:

- Дегеле мындайларга ишенбейбиз. Себеби өкмөткө анын күнү түшкөн жок. Бош жана акчасы бар адамдар эч ким менен сүйлөшкүсү да келбейт. Кетчү кишинин байланыштары бар, акчасы бар, чек арадан Казакстан аркылуу кетеби, Өзбекстан аркылуу кетеби, ага өкмөттүн тиешеси деле жок. Жанында кайтарган эч ким жок болсо. Мен чыгып кетейинби деп бирөө менен сүйлөшүп эмне кылат? Атайын учактын кереги эмне ага?

Апрель ыңкылапчыларынын тарапкери Акмат Бакиевди куткаруу жараяны сот баскычтары аркылуу башынан эле даярдалып келаткан деген терең ишенимде.

Акмат Бакиев - 2010-жылкы апрель окуясында качып кетүүгө аргасыз болгон мурдагы президенттин жоон топ инилеринин Кыргызстанда калып, сот жообуна тартылган жалгыз биртууганы. Ал агасы президент болуп турган кезде Жалал-Абад облусунун көмүскөдөгү реалдуу башчысы катары таанылган. Июнь окуясынан кийин Жалал-Абадда жашынган жеринен кармалып, Кылмыш Кодексинин 11 беренеси боюнча айып тагылган. Алардын ичинде экономикалык, экологиялык кылмыштар бар. Булардан тышкары куралдуу топторду мыйзамсыз даярдаган, массалык баш аламандыкты уюштурган, курал-жарак алып жүргөн деген өңдүү айыптар тагылып, соттук териштирүүлөрдөн кийин 7 жылга эркинен ажыратылган.

Быйыл ал жайгашкан 47-колониянын кайрылуусунун негизинде сот 4-январда мунапыс берип, калган жазасын №35 жатак абакта өткөрүү чечимин чыгарган. Чечимге ылайык, жазасын жатак абакта 2014-жылы 3-сентябрда өтөп бүтмөк.

Жатак абакка которулары менен өпкөсүнөн кагынган Акмат Бакиев адегенде мамлекеттик, кийинчерээк менчик ооруканада дарыланып жүргөн. “Азаттыктын” кабарчысына 24-январда №6 ооруканада берген интервьюсунда Акмат Бакиев буларды айткан:

- Ал жакта (№35 жатак абакта – ред.) отурбайт, эсептик каттоого туруп коюп эле кете берет каалаган жагына. Бирок мени 20 күндөн ашык кармап отурушту. Эч кандай себеби жок. Мага себебин айта алышкан жок, жөн эле кармашты. Тез жардам кайра-кайра баргандан кийин уруксат берүүгө аргасыз болушту. Денемдин ысыгы 39,5тен ашты.

Жума күнү Акмат Бакиевдин качып кеткендигине байланыштуу чыккан чууну премьер-министр Өмүрбек Бабанов күч түзүмдөрүнүн жетекчилерин чогултуп талкуулап, №35 жатак абактын башчысы Илимбек Самсалиевди кайдыгерлиги үчүн кызматтан алууну, Акмат Бакиевдин качып кетишине Жаза өтөө мекемелер башкармалыгынын кызматкерлеринин тиешеси бар-жогун териштирүүнү тиешелүү жетекчилерге тапшырды.

Президенттин жүз күнү

Өтүп бараткан аптанын соңку күндөрүндө - 9-мартта президент Алмазбек Атамбаевдин кызматка киришкенине жүз күн толду. Он күн мурда жергиликтүү телеканалдарга берген интервьюсунда Атамбаев коррупцияга, жердешчиликке жана манкуртчулукка каршы күрөш – мамлекет башында турганда ишке ашыра турган айныксыз максаты экендигин белгилеген. Коомдук-саясий чөйрө да жүз күндүккө карата президенттин ишмердигинин оң-терс жактарына дал ушул үч багытка карап баа берүүдө.

Алмазбек Атамбаев Бишкектеги маалымат жыйынында. 29-декабрь, 2011
Алмазбек Атамбаев Бишкектеги маалымат жыйынында. 29-декабрь, 2011
Маселен, оппозиция лидери Камчыбек Ташиев “Азаттыкка” президенттин коррупцияга, жердешчиликке каршы күрөшү тескери натыйжа берип жатат деп жүз күндүк ишмердигин тааныбай турганын билдирди.

Президенттин жүз күндүк ишмердигинин коомчулуктун көңүлүнө түшкөн өңүтү - тышкы саясий кадамдары болду. Президенттик шайлоо алдындагы Москва сапарында жасаган күтүүсүз билдирүүлөрүн жергиликтүү коомчулукта тышкы саясаттагы стереотиптерди сындыруу, улуттук кызыкчылыкты, ар-намысты коргоо аракети катары бааланып, бул жүрүш Атамбаевге бир топ упай чогултуп бергени айтылууда.

Ошол эле мезгилде маселен, укук коргоочу Азиза Абдырасулова президент кетирген одоно каталардын бири деп космонавт Салижан Шариповго байланышкан билдирүүнү атады:

- Мамлекеттин атынан сүйлөп аткандан кийин оор басырыктуураак болуп, Кыргызстанга доо кетпей тургандай билдирүүлөр менен чыкса жакшы болмок дейм. Ушунча комиссиялар, анын ичинде мен өзүм иштеген комиссияда да Салижан Шариповдун Ош окуясына тиешеси бар деген дооматты уккан эмесмин. Улутуна карабй Кыргызстандын сыймыгы боло турган жигит. Жалгыз эле космонавтыбыз бар. Ага деле куру дооматтарды коё берсек, башка өзбек лидерлерине коюлуп жаткан дооматтардын негизсиз экендигинин көрүнүшү болуп калышы мүмкүн.

Президент Алмазбек Атамбаевдин ишмердигинин жүз күндүгү ушундай түрдүүчө бааланып жаткан кезде ал Кыргызстандагы үй-бүлөлүк, коррупциялык башкарууга каршы күрөштүн башаты саналган 17-мартты “Аксы окуясын эскерүү күнү” деп жарыялады. Май айынын экинчи жекшембисин энелердин күнү деп атоону 7-мартта аялдар күнүнө карата жыйында сунуштады.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG