Бүгүн Тарых музейинде Жапониядагы былтыркы зилзаладан курман болгондорго арналган “Сендай шаарын колдойлу” деп аталган сүрөт көргөзмө ачылды. Анда жапон фото сүрөтчүсү Сато Кейдин эмгектери коюлду.
Былтыр 11-мартта Жапонияда күчү 9 баллга жеткен зилзала болуп, миңдеген адам набыт кеткен. Кыргызстан кырсыктан жабыр тарткан Күнчыгыш өлкөсүнө алгачкылардан болуп гуманитардык жардам жөнөткөн. (EBM)