Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:38

Каракол: добуштардын баары саналып бүттү


Борбордук шайлоо комиссиясынын автоматташтырылган системасындагы маалымат боюнча, Каракол шаардык кеңешке депутаттарды шайлоодо добуштардын баары эсептелип бүттү. Ага ылайык, Социал-демократтар партиясы 20,85 пайыз добуш менен алдыга чыкты. Андан кийин “Республика” партиясы 10,66, шайлоочулардын “Союз” тобу 9,44 пайыз добуш алды. “Ата Мекен” партиясы 4,35 пайыз добуш менен тогузунчу болду.

Шайлоо жыйынтыгына нааразы бир катар жаштар уюмдары шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып жатат. Эгер талаптар аткарылбаса эртең, 12-мартта нааразылык акцияга чыгарын буга чейин эскертишкен.

4-март түнү добуштар эсептелип жатканда шайлоо жыйынтыгына нааразы жаштар тобу менен тартип коргоо органдарынын өкүлдөрү кагылыша кеткен.

Караколдо добуш берүүгө шайлоочулардын 54,68 пайызы катышты.

Шаардык кеңештин депутаттарын шайлоого талапкерлер 6 партиядан жана 14 шайлоочулар тобунан сунушталды. (EBM)

XS
SM
MD
LG