Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:00

Сары-Таш – Кара-Мык жолу: тоодогу карды аткылап түшүрүшөт


Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Жекенди айыл округунда тоолуу унаа жол жээгиндеги карды аткылап көчүрүү иштери жүргүзүлөт. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекиловдун билдиргенине караганда, аткылоо иштери Сары-Таш – Кара-Мык жолунун 95-чакырымында 16-мартка чейин жүрөт. Коргоо министрлигинин артиллериялык куралы колдонулат. Адистердин айтымында, бул күндөрү аталган аймакта кар көчкү жүрүү коркунучу бар. (RK)

XS
SM
MD
LG