Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:14

Террорчу делгендердин соту токтоп турат


Террорчу деп шектелген “Жайшул-Махди” уюмунун үстүнөн башталган сот иши былтыртан бери токтоп турат. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйынында террорчу делгендердин колунан мерт болгон милиция кызматкерлеринин жакындары билдиришти. Алар тезинен бул ишти акырына чыгарууну бийликтен талап кылышты. Ал эми укук коргоочулар бул ишти акырына чыгаруу, кылмышка шектүүлөрдүн күнөөсүн далилдөө оор экендигин айтышууда.

"Жайшул-Махди" уюмунун бир нече мүчөсүнө 2010-жылы Бишкектеги спорт сарайдын жанында теракт уюштурган, АКШ жаранын тоногон, Бишкек милициясынын имаратынын жанында жардыруу даярдаган, Октябр райондук милициясынын үч кызматкерин өлтүргөн деген айып тагылган. Азыр алар УКМКнын тергөө абагында камакта жатышат. (ZB/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG