Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:00

Бишкектик жаш суучулдар Орусиядан байгелүү кайтышты


Бишкектеги "Делфин" борборунун тарбиялануучулары Орусиянын Руза шаарында өткөн эл аралык таймашка катышып, 12 алтын медалдын ээси болуп кайтышты. Бул тууралуу шаар мэриясынан кабарлашты. Эң мыкты көрсөткүчтөргө 11 жаштагы Азиз Сансызбаев менен Никита Пауков жана 10 жаштагы Денис Петрашев жетише алышты. Алтын медалдардан тышкары кыргызстандыктар төрт күмүш жана үч коло сыйлык алышты. (RK)

XS
SM
MD
LG