Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:50

Мусулман нике агенттигине муктаждык барбы?


Бир жылда Кыргызстанда 20 түгөй мусулмандардын нике агенттиги аркылуу табышып, баш кошту.

Түгөй издеп, бул агенттикке кезекке тургандардын саны
600гө жеткени айтылууда. Никенин диний өңүтүн биз “Арай көз чарай” талкуубузда cөз кылабыз. (Бул маселе "Азаттыктын" 8-март күнкү таңкы түз обосунда талкууланган )


Талкуунун биринчи бөлүгүн бул жерден угуңуз



Студиянын коноктору: Муфтийдин өкүлү Максат Мамбеталиев жана Калкты социалдык коргоо министринин орун басары Гүлнара Дербишева.

“Азаттык”: Бизде бир жыл мурда мусулмандардын нике агенттиги түзүлгөн экен. Акыркы маалыматтар боюнча, бул агенттикте бир жылга жакын убакыттын ичинде 20 түгөй баш кошуптур, дагы 600дөй киши кезекте турат деген маалымат чыкты. Мен тактаган маалыматтар боюнча, бул Нике агенттиги Абу Ханиф фондусунун каржылоосунда иштеп жатыптыр. Ушул агенттик кандай максат менен түзүлгөн, эмне ишти алып барат?

Максат Мамбеталиев: Нике агенттиги дегенибиз бул мусулмандардын таанышуу борбору. Бул жерден эч кимге нике кыйылбайт, болгону тааныштырып, жолуктуруп үйлөнүүгө чейин алып келет. Андан тышкары жигиттерге жана кыздарга үй-бүлө маселелери боюнча сабак-таалимдер өтөт.

Себеби азыр коомубузда ажырашуу маселеси көп болуп атат. Ал эми ажырашуунун бирден бир себептери – бул өз укуктарын жана милдеттерин билбегендиктен экен. Илгертен калыптанып калган салт боюнча кыздар менен жигиттерди жеңелери, туугандары тааныштырчу экен. Алар 2-3 жолу жолугуп, бири-бирин жактырса баш кошуп кетишчү экен. Андай акыбал шаарда жок. Намаз окуган кыздар, балдар дискотекага барып, отуруштарда отуруп эркин тааныша алышпайт. Ошондуктан булардан анкеталарды алып, бири-бири менен жолуктурган аянтча керек болгон. Ошондуктан муну биздин жеке инсандар түзүштү.

Талкуунун экинчи бөлүгүн бул жерден угуңуз



“Азаттык”: Кыргызстанда биринчи жолу мусулмандардын борбору пайда болуп атат. Буга эмне муктаждык алып келди?

Гүлнара Дербишева: Министрлик тарабынан үй-бүлөнү бекемдөөгө чоң жумуштар жүрүп атат. Жөлөк пул берилип гана жардам берилип атат. Статистикага таянсак, Кыргызстанда 195 миң үй-бүлө жашайт. Анын ичинен 145 миң аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жөлөк пул беребиз. Ар бир бала толук-кандуу үй-бүлөдө жашаш керек. Бирок тилекке каршы ар бир алтынчы үй-бүлө ажырашууга дуушар болот. Бизде бир жылдын ичинде шаарда миң никеде 305, элет жеринде 105 үй-бүлө ажырашууга дуушар болот. Мамлекетке дагы бул үнөмдүү эмес саясат.

Ошондуктан биз жаңы социалдык өнүгүү стратегияга ылайык үй-бүлө институтун бекемдөө үчүн аябай чоң пландарды коюп атабыз. Албетте нике агенттик аркылуу, ислам динибиздин оң жактуу баалуулуктарын пропаганда кылган ушундай агенттик менен биз дагы биргеликте иштесек болот.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG