Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:16

Уулуу көмүр боюнча министр Шадиевге айып тагылды


Казакстандын Кулан кенинен радиациялуу көмүрдүн келиши боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Энергетика жана өнөр-жай министри Аскарбек Шадиевге айып тагылды. Бул тууралуу 13-мартта Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан “Азаттыкка” кабарлашты.

Башкы көзөмөл орган Шадиев Кылмыш кодексинин 304-беренесине ылайык өз кызматын кыянат пайдаланган, анын кесепети жарандардын мыйзамдуу укуктарынын бузулушуна алып келген деп билдирүүдө. Уулуу көмүр боюнча министрдин орун басары Кайрат Жумалиевге шалаакылык (316-беренеси) кылган деген кине тагылды. Башкы прокуратура аталган кылмыш иши боюнча дагы бир катар аткаминерлерге айып тагылышы мүмкүндүгүн билдирүүдө.

Башкы прокуратуранын маалыматына Энергетика жана өнөр-жай министрлиги сөз кайтара элек. Буга чейин Аскарбек Шадиев радиациялуу көмүр боюнча өкмөттүн күнөөсү жок деп билдирген болчу.

Казакстандан өткөн жылдын август айынан тарта келе баштаган уулуу көмүр Бишкектеги жылуулук борборуна жана Чүй облусунун бир катар социалдык мекемелерине таркап кеткен. (KKs)

XS
SM
MD
LG