Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:27

Обама: Кандагардагы окуя АКШнын Ооган стратегиясын өзгөртпөйт


АКШ президенти Барак Обама Кандагардагы кандуу окуя Кошмо Штаттардын Ооганстандагы стратегиясын өзгөртпөйт деп билдирди. Жекшембиде америкалык жоокер 16 жайкын тургунду, анын ичинде 9 баланы атып кеткен. Вашингтон ооган элинен расмий кечирим сурап, көңүл айтты. Флоридадагы телеканалдардын бирине интервью берген президент кайгылуу окуя коопсуздукту камсыздоо милдетин оогандардын өздөрүнө өктөрүп берүү канчалык маанилүү экенин көргөздү деп айтты. Кандагардагы трагедия Вашингтон менен Кабулдун ансыз да чыңалган мамилелелерин курчутту. Жакында эле Баграмдагы америкалык базада курандын өрттөлүшү оогандардын катуу нааразылыгын жаратып, тартип коргоочулар менен кагылышууларда бир нече киши өлгөн.

XS
SM
MD
LG