Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:37

Өзбекстан ШКУнун аскердик машыгуусуна катышпайт


Тажикстан коргоо министрлигинин “Азаттыкка” берген маалыматына караганда, Өзбекстан Шанхай кызматташтык уюмунун аскердик машыгууларына катышпайт. “Тынчтык миссиясы – 2012” деп аталган машыгуу июнда өтөт. Министрликтин басма сөз катчысы Фаридун Махмадалиевдин айтымында, Өзбекстан Чорукдарондогу машыгууга өз аскерлерин жибербей турганы өткөн аптадагы расмий жолугушууда бышыкталды. Анын себеби азырынча белгисиз. Буга чейин да Ташкент ШКУнун машыгууларына аскерлерин жөнөтпөгөн учурлар көп болуп келген. Акыркы жылдары Тажикстан менен Өзбекстан өкмөттөрү ортосундагы мамилелер начарлап кеткен. Шанхай кызматташтык уюмуна Россия, Кытай, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан кирет.

XS
SM
MD
LG