Линктер

бейшемби, 19-январь, 2017 Бишкек убактысы 02:32

Оштун базарларында азык-түлүктөрдүн сапаты текшерилүүдө


Бул тууралуу керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча мамлекеттик инспекциянын Ош облустук башкармалыгынын жетекчиси Төлөгөн Келдибеков “Азаттыкка” билдирди.
Анын айтымында, Ош шаары, Өзгөн, Араван, Кара-Суу жана Ноокат райондорундагы базарларда сатылып жаткан эт, сүт азыктарынын 50 пайызы талапка жооп бербейт.

- Көпчүлүгүнүн сактоо мөөнөтү өткөн. Айрымдарынын салмагы товардын сыртында жазылган килограммга дал келбейт,- дейт Келдибеков.

Жогорудагы себептерден улам, “Картуз”, “Айсүт” жана “Жети баатыр” ишканаларына эскертүү каттары жөнөтүлдү. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG