Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:18

Аннан Сирядан жооп күтүп жаткандыгын эскертти


Бириккен Улуттар менен Араб лигасынын арачысы Кофи Аннан Президент Башар ал-Асад менен жекшембидеги жолугушуусунда киргизген сунуштарын жооп күтүп жаткандыгын билдирди.

Аннан Түркиянын өкмөт башчысы Тайып Эрдоган жана тышкы иштер министри Ахмед Давутоглу менен Сирияда ички согуш чыгып кетүү коркунучун кечээ талкуулады.

Бүгүн Кытай кайрадан эл аралык коомчулукту Сириянын ички иштерине кийлигишпөөгө чакырды. Кытайдын Бириккен Улуттардагы туруктуу өкүлү Ли Баодоң кабарчыларга мындай деди:

Аймактагы тийиштүү партиялар саясий мүдөөлөрүн мыйзамдуу жана зордукчулуксуз жолдор менен билдире алат деп үмүттөнөбүз. Айырмачылыктарды сүйлөшүү, кеңешме жана башка жолдор менен чечүү зарыл. Кытай гуманитаризмге жамынып, башка өлкөнүн ички ишине кийлигишүүгө каршы. Кытайдын Сирия маселесинде жеке кызыкчылыгы жок.

XS
SM
MD
LG