Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:02

АӨБ: Климаттын өзгөрүшү миграциянын өсүшүнө түрткү болот


Азиялык Өнүктөрүү банкы климаттын өзгөрүшү пайда кылган жаратылыш кырсыктарынын кесепетинен үстүбүздөгү кылымда Азияда 42 миллиондон ашык киши орун которууга мажбур болушу мүмкүн.

Банктын директору Барт Эдес уюмдун интернет сайтында жайгаштырылган видеодон буларды айтты:

- Биз бул отчетто өкмөттөргө бул кыйынчылыктарды көңүлгө алып, климаттын өзгөрүшүнөн улам жаралган миграция коркунучун артыкчылыкка айлантуу жаатындагы иш-аракеттерди сунуш этели дедик.


Банктын маалыматында, 2010-жылы Пакистан менен Кытайдагы селдерден улам 30 миллиондон ашык киши үй-жайсыз калды. Документтин авторлору өкмөттөрдү ыңгайлашуу чаралары жана жаңы өнүгүү пландары аркылуу миграция агымынын кесепеттерин жоюнун жолдорун пландоого чакырат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG