Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:47

Табалдиев: АКШ базасы жүк ташуучу борбор катары колдонулушу керек


Кыргызстандын Коргоо кеңешинин катчысы Бузурманкул Табалдиев 13-мартта Бишкекте АКШнын коргоо министри Леон Панетта менен жолукту. Ырасмий маалыматка ылайык, тараптар Ооаганстандагы азыркы кырдаал, согуштук операциялар, НАТОнун аскерлеринин чыгышына байланыштуу сүйлөштү.

Табалдиев Кыргызстанга Ооганстан тараптан коркунуч бар экенин белгилеп, дүйнөлүк коомчулук менен бирге ал жактагы кырдаалды жөнгө салууга жардам берүүгө даяр экенин билдирди. Катчы АКШнын Кыргызстандагы аскерий базасы Ооганстандагы коалициялык күчтөр үчүн маанилүү экенин, бирок 2014-жылы жарандык жүк ташуучу борбор катары колдонулушу керектигин айтты. (EBM)

XS
SM
MD
LG