Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:20

БШК: "Улуттар биримдигине" 21 мандат тийди


Ош шаардык кеңешине шайлоонун жыйынтыгы боюнча 45 депутаттык орундун 21и "Улуттар биримдиги" партиясына тийди. Бул тууралуу "Азаттыкка" Боршайком мүчөсү Рашид Бекбасаров билдирди. Анын айтымында, БШКнын тиешелүү токтому жана Оштон келген протокол кечээ бекитилди.

"Үч участок боюнча шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды - №5273, 5283, 5288. Калганын эсептеп жыйынтык чыгардык. "Улуттар биримдиги" 21 мандат алды. Добушка жараша болду. Ойлоп чыгарганыбыз жок. Мыйзамда "минтип эсептейсиңер" деп жазылып турат. Ошондой эсептедик. 23 мандат алышыбыз керек болчу дегендер айтканын далилдеп беришсин", - деди Бекбасаров.

Ушу тапта Оштун борбордук аянтында "Улуттар биримдиги" партиясы уюштурган митинг өтүп жатат. Анын катышуучулары аталган партияга Ош шаардык кеңешинен
23 мандат тийиши керек деп жатышат. Саат 10до митингчилердин саны 300-500 адам экени айтылган. Азыр чогулгандардын саны 2 миңден ашканын уюштуруучулар айтып жатышса, милиция жана көз каранды эмес байкоочулар 1,5 миңдин тегерегинде экенин билдиришти. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG