Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:03

Кара-Суудагы газ эсептегичтерди алмаштыра башташты


Бүгүндөн баштап Кара-Суудагы баардык газ эсептегичтер алмаштырылат.

Бул тууралуу Ош газ чарба башкармалыгынын жетекчиси Керим Сарбашев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, аталган шаарда колдонулуп жаткан газ эсептегичтердин алтымыш пайызы жараксыз.

Бир канча жолу эскертүү бердик, алмаштыргыла, арыз жазсаңар башкасын коюп беребиз деп. Аткарышкан жок. Аппараттар жараксыз болгондуктан, керектелген көгүлтүр отту туура эмес эсептейт. Анын айынан карыздар көбөйүп кетти”,- дейт Сарбашев.

Жетекчинин айтымында, эгер эски газ эсептегичтерди алмаштырууга тургундар каршылык көрсөтүшсө, башкармалык шаарга газ берүүнү токтотууга аргасыз болот.

Кара-Сууда төрт миң абонент газ пайдаланат. Учурда алардын жалпы карызы 6 миллион сомду түзүүдө. Кара-Сууга газ толугу менен Өзбекстандан келет. (SE)

XS
SM
MD
LG