Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:54

"Азаттыктан" Бурулкан Сарыгулова баш байгени жеңди


"Азаттык" үналгысынын редактору Бурулкан Сарыгулова Кыргызстан аялдарынын саясый укуктарын коргоо жана кыз ала качуу маселелерин чагылдыруу боюнча республикалык сынакка катышып, интернет-сайттар арасындагы баш байгени жеңип алды. Ага акчалай сыйлык жана Аялдарга жардам борборунун диплому тапшырылды. Ошондой эле Аzattyk.kg сайтына ыраазычылык кат тапшырылды. Сынактын жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшыруу салтанаты бүгүн Бишкекте өттү. Журналисттердин радиодо, гезитте жана интернетте жарыяланган тематикалык мыкты материалдарын иргөө "Кыргызстандагы аялдардын саясый жана экономикалык укуктарын коргоо" долбоорунун алкагында жүргөн.

Сарыгулова Кыргызстанда көчөдөгү саясий активдүү аялдардан куралган ОБОН деген ылакап аты бар уникалдуу кубулуш тууралуу атайын иликтөөсү менен мыкты аталды. Кесиптешибизге мындан аркы да чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз. (RK)

XS
SM
MD
LG