Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:01

Ахмединежад бүгүн Иран парламентинде суроолорго жооп берет


Иран президенти Махмуд Ахмадинежад бүгүн парламент депутаттарынын суроолоруна жооп берет. Ирандын маалымат каражаттары жазып чыккандай, президент депутаттардын 10 суроосуна жооп берүү үчүн бир саат убакыт бөлөт. Депутаттар өкмөттүн экономикалык саясаты, кадрдык дайындоодогу чечимдер жана башка суроолорду бериши мүмкүн. 1979-жылы Иран ислам республикасы түзүлгөндөн бери биринчи жолу президенттин парламентке чакырылышы – Ирандын руханий лидери аятоллa Али Хаменеи менен президенттин жаатташуусунан кийин Ахмединежаддын жеңилүүсү катары бааланууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG