Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:00

Oбама Кытай дүйнөлүк сооданын эрежесин бузду деп айыптады


АКШ, Евроcоюз жана Жапония Кытайды жогорку технологияны өндүрүүдө пайдаланылуучу жерде сейрек кездешчү металлды башка өлкөлөргө экспорттоону чектеп жатканы үчүн айыптап, Дүйнөлүк соода уюмуна арызданышты. Президент Барак Обама Кытайдын бул жоругу дүйнөлүк сооданын эрежесин бузуу болуп саналаарын айтты. Еврокомиссиянын соода тармагына көзөмөлдүк кылган мүчөсү Карела Де Гухтанын айтымында, Кытайдын бул металлдарды экспорттоого чектөөсү базар атаандаштыгында кытайлык фирмаларга өзгөчө артыкчылык берип коёт. Кытайдын тышкы иштер министрлиги болсо мындай металлдарды казуудагы чектөөгө экологиялык себептерди жүйөө келтирди.

XS
SM
MD
LG