Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:30

Пара алды деп кармалган Мусаев үй камагына чыгат


Пара алды деген шек менен камакка алынган Чүй облусунун Аламүдүн районунун Мамкаттоо башкармалыгынын жетекчиси Картаңбек Мусаевдин баш коргоо чарасы өзгөртүлөт. Мындай чечим Жогорку Сотто кабыл алынганын бүгүн "Азаттыкка" Жогорку Соттун маалымат катчысы Бактыбек Рысалиев билдирди.

Бир ай мурда Мусаевдин иш бөлмөсүндө 29 миң доллар пара катары берилип жатканы айтылып, Картаңбек Мусаев жана Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн башчысы Бакыт Мырзабаев кармалышкан. Экөө тең Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алынышы керек болчу. Бирок ден соолугуна байланыштуу Мусаев тергөө абагына алынган эмес, ооруканада жаткан. Эми ал тергөө аяктаганча үй камагында болот.

Бугай чейин райондук жана шаардык сот Мусаевди тергөө абагында кармаш керек деген чечим чыгарышкан болчу. Бүгүн Жогорку Сот алардын чечимдерин жокко чыгарды. Картаңбек Мусаевдин адвокаттары анын күнөөсү жок экенин айтышууда. (RK)

XS
SM
MD
LG