Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:14

Ошто маңзат көзөмөлдөөчү кызматкер кармалды


Ошто Маңзат көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын бөлүм башчысы героин жана марихуана менен кармалды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош шаардык ИИБнын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди. Анын айтымында, Ош шаардык милициясынын кызматкерлери «Издөө» жана «Режим» деп аталган рейддин жүрүшүндө Ош - Ноокат унаа жолунда «ВАЗ- 2131» маркасындагы унаадан 5 килограммга жакын марихуана, унаанын айдоочусунан 7,38 грамм героин табышкан.

”Унаанын жана маңзаттын ээси Маңзат көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын бөлүм башчысы, подполковник Ж.Т. болуп чыкты. Бул факт боюнча кылмыш иши козголду”,- дейт Сыдыков. (SE)

XS
SM
MD
LG