Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:08

Климаттын өзгөрүүсү миграцияга салым кошууда


Казакстандын батышындагы суу ташкын, 2011-жыл.
Казакстандын батышындагы суу ташкын, 2011-жыл.

Климаттагы өзгөрүүлөр жакыңкы жылдары Азиядагы миграциянын негизги себептери болуп калышы мүмкүн. Бул тууралуу Азия өнүгүү банкынын жаңы изилдөөсүндө айтылат.

Акыркы 2 жылдын ичинде эле аймакта 42 миллиондон көп адам ар кыл табигый кырсыктардан улам жер которууга мажбур болгон. Азия өнүгүү банкы соңку баяндамасында 2010-жылы 30 миллионго жакын адам там-ташын таштап, башка жерлерге көчкөнүн белгилейт.

Алардын басымдүү бөлүгү Пакистан жана Кытайдагы суу ташкындарынан качкандар. Жана климаттагы, айлана-чөйрөдөгү өзгөрүүлөр жакынкы жылдары Азиядагы миграциянын негизги себептери болуп калышы мүмкүн, - деген тыянакка келет банк.

Ошентип, жаратылыш кубулуштарынын кесепеттери мурдагыдан олуттуу зыян алып келип жатканына күбө болуудабыз, - дейт банктын директору Барт Эдес видеокайрылуусунда:

- Докладды жарыялоо менен өкмөттөр проблеманын ушул өңүтүнө көңүл буруп, бул багыттагы саясатын иштеп чыгышат, климаттык өзгөрүүлөрдөн улам пайда болгон миграция агымын коркунуч жараткан көрүнүштөн жаңы мүмкүнчлүктөргө айлантышат деп ишенебиз.

Баяндаманын авторлору жер кыртышынын айдоо үчүн керектен чыгышы, суунун тартыштыгы жана чөлдөрдүн көбөйүшү Борбор Азияда өзгөчө көп көйгөй жаратаарын болжолдошот.

Ансыз да регион буга чейин да бир топ проблемаларга тушугуп келген.

Арал деңизинин кургап калышы, аймактагы эки ири дарыя – Аму-Дарыя менен Сыр-Дарыянын тайыздашы климаттагы орчун өзгөрүүлөргө алып келди.

2000-жылдардын башында кургачылык, айлана-чөйрөнүн булганышы Арал деңизинин боюнда орун алган Каракалпакстан автономиялуу жумуриятында жашаган 250 миңдей кишини тиричилик үчүн ыңгайлуу шарт табуу максатында Казакстанга жана Россияга көчүүгө мажбурлаган.

Докладда белгиленгендей, жакырчылык жана бийликтин проблеманы чечүү үчүн жетиштүү аракет көрбөй жатышы кургакчылыктын жайылышы, айыл чарба продукциясын чыгаруудагы жоготуулар, натыйжада азык-түлүк тартыштыгы менен коштолууда.

Өзбекстандын курамындагы Каракалпакстанда жүргүзүлгөн изилдөөгө ылайык, калктын дээрлик жарымы айлана-чөйрөнүн булганышынан улам жер которууну каалашат.

Борбор Азиянын көпчүлүк калкы климаттагы өзгөрүүлөрдүн натыйжасында суу жетишсиздиги коркунучуна кабылышкан. Анын үстүнө элдин көбү айыл чарбачылыгы менен күн көргөн аймактын басымдуу өлкөлөрү жакырчылыкта жашашат.

Казакстанда кургакчылык топурактын эрозиясы менен жердин такырданышына алып келет деген коркунуч бар, - дешет баяндаманын авторлору.

Мындай абал жер айдап жан сактаган элдин элет жеринен шаарларга көчүшүнө салым кошушу мүмкүн. Ансыз деле Казакстанда ички миграция соңку жылдары өсүп жатат.

Тажикстан аймагынын 95 проценти суу каптоо, жер көчкүсү, суунун жана топурактын химиялык заттар менен булганышы өңдүү коркунучтарга кабылган.

Аба ырайынын барган сайын ысышы мөңгүлөрдүн эрип, натыйжада суу менен камсыз болуунун көлөмү 30 процентке чейин азайышы ыктымал. Бул да өз кезегинде элди жер которууга түртөт.

Доклад климаттагы өзгөрүүлөрдүн миграцияга тийгизген терс таасирин алдын алуу үчүн тиешелүү чара көрүүгө, жаңы стратегия иштеп чыгууга жана мигранттардын укуктарын коргоого үндөйт.

Кыргызстан жана Тажикстан 1990-жылы Эмгек мигранттарынын жана алардын үй бүлөө мүчөлөрүнүн укуктарын коргоо боюнча Эл аралык конвенцияга кол коюшкан. Казакстан болсо документтин ратификациясын азыр караштырып жатат.

XS
SM
MD
LG