Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:30

Орусия АКШ баштаган коалицияга аба базасын берүүсү мүмкүн


Бул тууралуу бүгүн Мамлекеттик думада сүйлөгөн учурунда орус тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирди.

Анын айтымында, орус өкмөтү АКШ баштаган коалиция Ооганстандан аскерлерди жана жүктү чыгарууда Орусиянын аскерий базаларынын бирин пайдалануусу жөнүндөгү сунушту талкуулап көрөт.

Эл аралык коопсуздук күчтөрү пайдаланууну сураган аба базасы Ульяновск шаарында жайгашкан. Жеке өзү сунушту колдоорун айткан орус тышкы иштер министринин ырастоосунда, бул Орусиянын улуттук коопсуздук кызыкчылыктарына жооп берет.

Эгер жогорудагы сунуш жактырылса, бул Орусиянын АКШ баштаган коалицияга өз аймагынан логистикалык жай түзүүсүнө алгач ирет уруксат бергени болот.

Москва мурдараак АКШга жана НАТО өлкөлөрүнө Ооганстанга жүк жеткирүүдө жана андан чыгарууда аба мейкиндигин жана темир жолду пайдалануусуна макул болгон. (UE)

XS
SM
MD
LG