Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:12

АКШ коргоо министри Ооганстанда жүрөт


Панетта Ооганстанга чейин Кыргызстанда болуп кетти. Коргоонуу кеңешинин катчысы Бусурманкул Табалдиев менен. 13-март, Бишкек.
Панетта Ооганстанга чейин Кыргызстанда болуп кетти. Коргоонуу кеңешинин катчысы Бусурманкул Табалдиев менен. 13-март, Бишкек.
Леон Панетта бүгүн АКШнын Гильменд провинциясындагы аскерлери астында сүйлөгөн учурунда Курандын нускаларынын өрттөлүшү жана америкалык аскердин огунан он алты оогандын мерт болушу “терең тынчсыздандырган” жана эл аралык жамааттын Ооганстандагы аракеттерине көлөкө түшүргөн окуя болгондугун белгиледи.

Панетта АКШнын ушул жекшембидеги кандуу окуядан кийин Ооганстанга барган алгачкы жогорку даражалуу өкүлү.

Анда АКШ армиясынын сержанты Кандагар провинциясындагы эки кыштакта үймө-үй кирип ок чыгаруусунан он алтын адамдын, анын ичинде тогуз жаш баланын, үч аялдын өмүрү кыйылган.

АКШ коргоо министри Гильменд провинциясындагы сөзүндө НАТО жана ооган аскерлери жылыш жасап жатканына да токтолду:

- Бул аймак кайсыл бир учурда талибдердин таянычы болгон. Эми аймакка коопсуздук жана оогандардын башкаруусун алып келүүдө чоң прогресс жетишилди.


АКШ коргоо министринин бүгүнкү сапарына тушташ Ооганстандын түштүгүндөгү Гильменд жана Кандагар провинцияларында болгон бомба жарылуулардан тогуз адам өлдү, алардын бири ооган чалгын кызматынын өкүлү экендиги кабарланды.Расмий өкүлдөрдүн айтымында, Гильменд провинциясынын Маржа районунда жол боюнда жасалган жардыруу үчүн талиб согушкерлери шектелүүдө.
(UE)

XS
SM
MD
LG