Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:50

Ош: «Улуттар биримдиги» эки орун үчүн күрөшүүдө


Оштогу митингден, 14-март.
Оштогу митингден, 14-март.

“Улуттар биримдигинин” тарапкерлери бул партияга шаардык кеңештен 23 орун берилишин талап кылып чыкты.

14-мартта Оштун борбордук аянтына митингге чыккандар талаптары аткарылбаса нааразылык акциялары мындан кийин да улана берээрин айтышты. Борбордук шайлоо комиссиясы болсо Ош шаар мэри Мелис Мырзакматовго таандык деп саналган партия шайлоо жыйынтыгында 21 мандатка ээ болгонун белгилеп, бирок расмий токтом чыга электигин билдирүүдө.

Тагдыр чеччү эки орундун талашы

Борбордук аянтка чогулган митингчилердин саны 2 миңден ашкандыгын анын уюштуруучулары белгилешсе, байкоочулар миң адамдын тегерегинде болгондугун айтышты. Келген шайлоочулар «Улуттар биримдиги» партиясына шаардык кеңештен 23 орун берүүнү борбордук шайлоо комиссиясынан талап кылып турушту.

Партиянын төрагасы Таалайбек Сабиров аларга 21 гана мандат тийип калып жатканын Ош шаар мэри Мелис Мырзакматовду кызматтан алуу максаты менен байланышта экендигин кыйытты:

- Биздин партиядан 23 киши депутат болушу керек. Натыйжада биз шаардык кеңеште көпчүлүктү түзөбүз. Андай күчкө ээ болгондон кийин шаардын мэрин кызматта алып калмакмыз. Бирок азыр БШК биздин 3692 добушубузду жокко чыгарып, бизге 21 гана орун берип коюп жатат. Булар кааласа жаңы жылга чейин шайлоону өткөзөбүз дейт, каалабаса шайлоону жаңы жылдан кийинкиге жылдырат. Эми келип, кааласа бизге 23 орун берет, каалабаса 21 орун берип атат. Буга биз макул эмеспиз. Бул мыйзамга туура келбейт.

Партиянын дагы бир өкүлү Шайлообек Атазов да шайлоо жыйынтыгы бурмаланып жатканын айтып, бул үчүн Борбордук шайлоо комиссия курамы толук кызматтан кетүүсү керек деп эсептейт:

- 45 миңден ашык добушубузду 12 эле адам чечип коёт экен. Алар бул жактагы шайлоого аралашпай туруп, жылуу креслодо олтуруп алып эле баарын чече беришеби? Алар борбордук бийлик айткан тапшырманы аткарып жатат. БШКнын бул курамы толугу менен кызматтан кетиши керек.

Митингге чыккандардын бири Сонунбү Калыбаева болсо аянтка өз укугун коргоп чыкканын айтат:

- Миллиондогон шайлоочусу бар Орусияда шайлоонун жыйынтыгы 4 саата чыкты, а 122 миң шайлоочусу бар Ош шаардык кеңештин шайлоосунун жыйынтыгы эмне үчүн мынчалык созулат? БШК муну атайын бурмалаш үчүн созуп келатат. Биз митинге ойноп чыккан жокпуз. Биз бул жерге өз укугубузду, өз добушубузду коргоо үчүн келип атабыз.

Кайра шайлоо өткөрүү талабы

«Улуттар биримдиги» партиясынын шаардык штаб жетекчиси Рысбек Мирзаматов учурда борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жокко чыгарылган шайлоо бекеттеринде добуш берүү кайрадан өткөрүлсө гана акыйкаттык болот деп эсептейт:

- Шаардын Ак-Тилек кичирайонунда жайгашкан №273, Черемушки кичирайонунда жайгашкан №288 жана №283шайлоо участкаларындагы добуштар толугу менен жокко чыгарылыптыр деп маалымат алдык. Бул 3 шайлоо бекетинен тең «Улуттар биримдиги» эң көп добуш алган. Башкача айтканда, ар бир участоктон 1000ден добушубуз күйүп кетип атат. Эгер БШК муну жокко чыгарса, анда ушул эле шайлоо участкаларына кайрадан шайлоо өткөрсүн. Анан ошого карата жыйынтык чыгарсын.

Нааразылык акциясы негизинен тынч маанайда өттү. Күч органдары тартипке көз салып турду. Бирок митингчилер алардын талаптары аткарылбаса акцияны дагы уланта турганын айтууда.

Серепчи Төлөгөн Келдибаев кырдаалга болгон байкоолору менен бөлүштү:

- Мен митингге байкоо салганы гана келдим. Байкашымча, элдин маанайы өтө агрессивдүү эмес. Булар болгону шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп, борбордук бийликтин көңүлүн өздөрүнө бурдурганга аракет кылып жатат. Бирок бул акция аймакта кооптоно турган жагдайды жаратпайт жана Ош шаарында стабилдүүлүктүн бузулушуна да алып келбейт.

4-мартта өткөн Ош шаардык кеңештин шайлоосунда «Улуттар биримдиги» 47,35% добуш менен алдыга чыккан. Буга ылайык, партия 22 мандатка ээ болмок. Мыйзамга ылайык, талашта калган бир орун эң көп добуш алган партияга берилиши керек дешет аталган партиянын өкүлдөрү.

Мунун алдында БШК Оштогу шайлоонун жыйынтыгы чыгып, "Улуттар биримдиги" партиясы 23 эмес, 21 мандат алганын жарыялады. 3 шайлоо бекетиндеги добуштардын жокко чыгарылышын андагы одоно мыйзам бузуулар менен байланыштырган. Калган мандаттар КСДП, «Республика», «Адилеттүү Кыргызстан» жана «Ата Мекен» партияларына берилиши күтүлүүдө.

Ош шаардык кеңешинде 45 депутаттык орун бар. Шайлоодо 7 партия ат салышкан.

Оштогу митингден сүрөтбаян: 14-март

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG