Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:51

"Улуттар биримдиги": Кийинки кадамыбыз БШКнын жообуна жараша болот


Ош шаардык кеңешине депутат шайлоонун жыйынтыгын калыс чыгаруу талабын койгон "Улуттар биримдиги" партиясынын өкүлдөрү бүгүн Ошто митингге чыгышкан жок. Бул тууралуу "Азаттыкка" аталган партиянын өкүлү Шайлообек Атазов билдирди. Анын айтымында, "Улуттар биримдигинин" тарапкерлери расмий Бишкектин, Боршайкомдун жообун күтүп жатышат. Өз талаптарын жазып кечээ Бишкекке жөнөтүшкөн.

"Эгер биздин талаптар аткарылбаса, биздин добуштар уурдалса, нааразылык акциябызды Ошто эмес, БШКнын алдына барып өткөрөбүз", - дейт Апазов.

4-мартта Ошто шаар депутаттарын шайлоо өттү. Көпчүлүк добушту "Улуттар биримдиги" алды. Бирок мандат бөлүштүрүү жагынан маселе жаралууда. БШК шаар кеңештеги 45 депутаттык орундун 21и аталган партияга тийгенин айтууда. Бирок "Улуттар биримдигинин" тарапкерлери 23 мандат тийиши керек деп жатышат. (RK)

XS
SM
MD
LG