Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:06

Ирандын мунай өндүрүшү жакынкы аралыкта 50% кыскарышы мүмкүн


Бул тууралуу Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттик билдирүүдө. МАГАТЭнин эсебинде, өткөн айда Ирандын мунай өндүрүшүнүн күндөлүк көлөмү 3 миллион 380 миң баррелге барабар болгон. Бул кеминде акыркы үч айдагы эң төмөнкү көрсөткүч. Ал эми мунай экспортунун күндөлүк көлөмү 2 миллион баррелден аз болгон. Былтыр ноябрда бул көрсөткүч 2,6 миллион баррелди түзчү.

Эми 1-июлдан тарта Евробиримдиктин санкцияларынын күчкө кирүүсү менен МАГАТЭнин эсебинде, Ирандын мунай экспорту дагы күнүнө 800 миң баррелге кыскарат. Бирок Ирандын мунай министри Рустам Касеми МАГАТЭнин эсеби туура эместигин, өндүрүш да, экспорт да кыскарбаганын айтууда.

Батыш өлкөлөрүнүн ишениминде Иранга, өзгөчө анын мунай өндүрүшүнө каршы киргизилген санкциялар Тегеранды талаштуу өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүгө ынандырат.

Иран маселеси кечээ АКШ президенти Барак Обама менен британ премьери Дэвид Камэрондун Ак үйдөгү сүйлөшүүлөрүнүн негизги темаларынын бири болду.

Талашты дипломатиялык жол менен чечүү мүмкүнчүлүгү азайып бара жаткнына токтолгон Барак Обама буларды белгиледи:

- Биз бул маселени дипломатиялык жол менен чечүү үчүн колдон келгендин баарын жасайбыз. Бирок акыр аягында үстөлдүн тиги тарабынан да буга олуттуу мамиле жасаган кимдир бирөөгө муктажбыз. Мен Иран режими бул алар үчүн эң жакшы тандоо экендигин түшүнөт деп үмүттөнөм. (UE)

XS
SM
MD
LG