Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:53

Бишкекте АКШ Транзиттик борборун жабууну талап кылган пикет өттү


Мындай пикет бүгүн Бишкектеги АКШ элчилигинин алдында өттү. Акцияны өздөрүн Кыргызстан патриоттук партиясынын жана Жарандардын социалдык укуктарын коргоо комитетинин өкүлдөрүбүз деп атаган топ уюштурду. Комитеттин төрайымы Кадича Кабылова пикетке 50дөй киши, байкоочу тарап 20 чамалуу киши катышты деп "Азаттыкка" маалымдашты.

Пикетчилер транзиттик борбордун он күн ичинде жыбылышын талап кылып, ал аткарылбаса, "базанын дарбазасын тосоорун" билдиришти. Алар нааразылыгын "Манас" аба майданында жайгашкан "Транзиттик борбор кооптуу, америкалык аскерлер кыргызстандык жарандарды сыйлашпайт, аба майдандын тегерегиндеги айылдардын экологиясына коркунуч бар" деп негиздешти.

Антитеррордук коалициянын макулдашуусунун негизинде 2001-жылкы АКШдагы терракттардан кийин Бишкекте жайгаштырылган аба-аскерий база кийинчерээк транзиттик борбор деп кайра түзүлгөн. Анын Кыргызстанда жайгашуу мөөнөтү 2014-жылдын июнь айында аяктайт.

АКШ коргоо министри Леон Панеттанын 13-марттагы Бишкек сапарынын учурунда такталган маалыматка караганда АКШнын жүк ташуучу транзиттик борборуна байланышкан эки тараптуу сүйлөшүү апрелде Бишкекте башталат. Буга чейин президент Алмазбек Атамбаев АКШнын аскерий турумуна байланышкан макулдашуу узартылбай тургандыгын бир нече ирет билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG