Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:41

Ош: Шаардык кеңешке шайлангандардын тизмеси жарыяланды


Боршайком Ош шаардык кеңешине 4-мартта өткөн шайлоонун жыйынтыгын расмий жарыялады. 45 депутаттык орундун 21и "Улуттар биримдиги" партиясына, 11и социал-демократтарга, сегизи "Республика" жана экөө "Адилеттүү Кыргызстан" партияларына тийди. "Ата Мекен", "Замандаш-Современник" жана Элдик-демократиялык партиялар бирден мандатка ээ болушту. №№5273, 5283, 5288-шайлоо участокторундагы добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылды. Ал участоктордо шайлоо мыйзамдарын бузуу фактылары боюнча териштирүү жүргүзүү үчүн БШК Баш прокуратурага маалымат жолдомой болду.

"Улуттар биримдиги" партиясы жыйынтыгы жокко чыгарылган үч участокто эң көп добуш алганын, 23 мандат алышы керегин айтып кечээ Оштун борбордук аянтында митинг өткөргөн болчу. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG